
Мектепте үрөй учурган дагы бир окуя катталды. Баткендеги мектептердин биринде мушташ учурунда окуучу бычактан жаракат алган. ОИИБдин маалыматына караганда, 8-февралда мектеп окуучуларынын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташка чейин жеткен. Жаңжалдын кесепетинен бир окуучу бычактан жаракат алган. Ал ооруканага жаткырылган. Милиция «Денеге атайын залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Шектүү 18 жашта экени маалым болгон.