ААК «Кыргызстан Коммерциялык банкы» | MBANK жаңы окуу жылынын алдында MBANK Junior кардарлары үчүн акция жарыялайт.
Эми сиз MBANK Junior картасын колдонуу менен “Тулпар” бирдиктүү төлөм системасы аркылуу коомдук транспорттого төлөнгөн акыны бонустар (кэшбэк) түрүндө 100% кайтарып ала аласыз.
2024-жылдын 2-сентябрынан 30-сентябрына чейин жаш MBANK Junior кардарлары 100% кэшбэк түрүндө жол кире акысын толугу менен кайтарып алуу менен коомдук транспортто жүрө алышат. Ошентип, кардарлар үчүн коомдук транспорттордун жол киреси АКЫСЫЗ болот.
Акциядан пайдалануу үчүн:
Бул кантип иштейт?
Баасы 17 сомду түзгөн жол кире үчүн ар бир төлөмдөн кардарлардын эсебине “MBonus” лоялдуулук программасы боюнча 17 бонус чегерилет. Бул бонустарды кийинки жол киреге же MBANKтын башка сунуштарына колдонсо болот.
Акция MBANK кардарлары жана MBANK Junior картасы бар балдар үчүн гана жарактуу. Бул жол кире акысынан үнөмдөөнү гана эмес, заманбап банктык кызматтарды колдонууну үйрөнүүнүн да эң сонун жолу, бул каржылык сабаттуулуктун бир бөлүгү
«Окуу жылынын башталышы менен көптөгөн ата-энелер балдарынын шаар боюнча кыймылын кантип ыңгайлуу жана коопсуз кылууну ойлонушууда. Биз бул акцияны ата-энелердин түйшүгүн жеңилдетүү жана ошол эле учурда жаш кардарларыбызга колдоо көрсөтүү, аларга каржылык сабаттуулукту жана жоопкерчиликти эрте жашынан үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн түздүк”, — деп белгилейт Санариптик өнүктүрүү департаментинин Массалык сегмент боюнча директору Азамат Мамырбаев.
Бул уникалдуу мүмкүнчүлүктү колдонууга шашылыңыз!
Акциянын шарттары 2024-жылдын 2-сентябрынан 30-сентябрына чейин жарактуу.
Толук маалыматты MBANK сайтынан же колдонмосунан ала аласыз.
MBANK – Биринчи санарип!
№ 014 КР УБ лицензиясы