Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
d60c8377 ae41 4924 be93 651b5cddd538

MBANK «Досторуңду чакыр жана киреше тап» — кеңири масштабдуу рефералдык акциясын баштады

13 / 100

ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK «Досторду чакыр жана киреше тап» жаңы рефералдык акциясын ишке киргизет! Эми ар бир колдонуучу жолдомо кодун алып, аны достору менен бөлүшүп, ал үчүн акчалай сыйлык ала алат.

«Сен дагы эле биз менен эмессиңби? Башкаларга убактыңды коротпо, бүт Кыргызстан MBANK менен. Биринчи санариптик банкка кошул!”

MBANK — бул банк гана эмес! Бул кардарлардын көптөгөн керектөөлөрүн камтыган толук кандуу экосистема: MBusiness жана MKassa ишкерлери үчүн комплекстүү чечимдер, MJunior балдар үчүн биринчи банкинг, M+ бөлүп төлөө кызматы, MBonus өнөктөштөрдөн сатып алуулар үчүн кешбэк кызматы, авиабилеттерди сатып алуу боюнча өнөктөш кызмат жана каалаган тарапка турлар — MTravel, электроника жана товарларды бир баскыч менен сатып алуу боюнча өнөктөш кызматы Market, 160тан ашык өлкөгө акча которуулар, уникалдуу мамлекеттик кызматтар, ошондой эле QR аркылуу сатып алууларды жасоо мүмкүнчүлүгү.

Мындай ар түрдүү кызматтардын аркасында дээрлик ар бир адамдын смартфонунда MBANK бар – 9 миллиондон ашык жүктөөлөр!

Бул кантип иштейт?

  1. Реферал кодун алуу: MBANK колдонуучусуна автоматтык түрдө уникалдуу жолдомо коду ыйгарылат, ал аны досторуна жөнөтө алат.
  2. Чакырылган адамды каттоо: Чакырылган адам MBANK’та каттоодон өткөндөн кийин 24 сааттын ичинде атайын терезеге алынган кодду киргизет.
  3. Сыйлыктар: Чакыруучу ар бир жаңы колдонуучу үчүн 50 сом, ал эми чакырылган адам катталгандыгы үчүн 100 сом алат.
  4. Чакыруулардын чексиз саны: Акциянын катышуучулары чексиз сандагы досторду чакырып, чексиз сандагы сыйлыктарды ала алышат.

MJunior балдар үчүн өзгөчө рефералдык программасы

Реферал программасы MJunior тиркемеси бар балдар үчүн да жеткиликтүү. Балдар ошондой эле рефералдык программасына өздөрүнүн досторун чакыруу жана бул үчүн бонустарды алуу менен катыша алышат.

Реферал кодун кантип бөлүшүү керек?

Реферал кодду жөнөтүүнүн 2 оңой жолу бар:

  1. Негизги экран аркылуу:
  2. Акциялык баракчага алып баруучу жарнамалык баннерди басыңыз.
  3. «Кодду бөлүшүү» опциясын басып, досуңузду тандап, жолдомо кодун жөнөтүңүз.
  4. Колдонуучунун профили аркылуу:
  5. Профилге өтүп, «Досту чакыруу» дегенди тандап, кодду досуңузга жөнөтүңүз.

Реферал кодун активдештирүү

Жаңы колдонуучуну каттоодон өткөндө негизги экранда кодду киргизүүнү суранган эскертме пайда болот. Ошондой эле профилиңизге кирип, реферал коду бар бөлүмдү бассаңыз болот. Кодду киргизгенден кийин, эки катышуучу тең сыйлык алышат.

Рефералдык акция 2024-жылдын 14-ноябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу.

«Биз «Чакыр жана киреше тап» масштабдуу рефералдык акциясын баштаганыбызга кубанычтабыз! Бул демилге биздин кызматыбызды колдонуп көрө элек кардарларга багытталган. Эми MBANK’тын ар бир кардары досторун чакырып, сыйлыктарды алуу менен өзүнүн позитивдүү тажрыйбасы менен бөлүшө алат. MBANK’ка кошулуу менен колдонуучулар баары жеткиликтүү болгон уникалдуу экосистеманын бир бөлүгү болуп калышат.

MBANK – банк гана эмес. Биз, сизге керектүү нерселердин баары дайыма колуңузда болгон, санариптик коомчулукту түзүп жатабыз. Бул акция жөн гана сыйлык жөнүндө эмес, бири-бирин колдоо жана жалпы баалуулуктар менен бириккен коомчулукту түзүү болуп саналат!», — деди MBANK‘тын Массалык сегментинин санариптик өнүктүрүү департаментинин директору Алмазбек Мамырбаев.

Эң чоң MBANK санариптик коомчулугунун мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! Оңой, тез жана чектөөсүз — рефералдык кодуңузду бөлүшүңүз, досторду чакырыңыз жана сыйлыктарды алыңыз.

MBANK – бул заманбап финансылык кызматтарды гана көрсөтпөстөн, күнүмдүк иштерди жеңилдетүүгө жардам берген чыныгы биринчи санариптик банк. Бизге кошулуңуз жана MBANK жашоонун кадимки ритмин ыңгайлуураак кылганын жана технологиялык ритмге кантип өзгөртүп жатканын сезиңиз!

MBANK менен санариптик муундун бир бөлүгү болуңуз!

Рефералдык программа тууралуу кененирээк бул жерден окуңуз

MBANK – Биринчи санарип!

14 Ноябрь 2024 жыл 16:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча