Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Дастанбек Джумабеков:»Мамлекет кыргыз элинин тарыхын коргоосу керек»

Бүгүн, 25-февраль күнү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот жана укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында, Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Джумабеков Маданият, жаштар саясаты жана туризм министрлигине жетекчи болуп келген Мамбеталиев Мирбек Кемеловичтен алдыда аткара турган министрликтин иш планын тактап, андан соң маданият министрлигинин түздөн түз функциясы болгон тарыхый мурастарга көңүл буруу керек экендигин билдирди.
Эл өкүлү өз сөзүндө, Кыргызстандын бай тарыхы көңүл сыртында калып, тарых биздики болгону менен, башка мамлекеттер пайдаланып жүргөнүн, ага мисал катары 751-жылы Таласта болгон эң чоң 10 согуштун бири «Атлах» салгылашуусу экенин, буга мамлекет тарабынан эч кандай көңүл бурулбай жатканын айтты. Ага кошумчалай, эл өкүлү министрлик бул сыяктуу тарыхый аймактарда музейлерди ачып, документалдуу фильмдерди тартуу керек деген оюн кошумчалады.

25 Февраль 2025 жыл 14:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча