Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Өмүр тартуулаган тартип сакчылары! Милиционерлер чөгүп бара жаткан жигитти куткарып калышты

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери милициянын старшинасы Артур Ашимбаев, милициянын старшинасы Эркинбек уулу Дүйшөнбек жана полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун кызматкерлери милициянын сержанты Баатырали уулу Шерзат жана Эламан Мурзабеков Ысык-Көл облусундагы “Ала-Тоо” эс алуу жайында 2023-жылдын 18-июль күнү саат 12:20 чамасында кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан жигитти көрүп, тез арада куткарып калышкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Куткарылган 27 жаштагы жигитке кызматкерлер биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматын чакырып өткөрүп беришкен. Куткарылган жаран Ош шаарынын тургуну болгон.

18 Июль 2023 жыл 13:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча