
Беларустагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенко 5 миллион 136 миң 293 добуш алды. Бул шайлоого катышкандардын 86,82 пайызын түзөт. Бул тууралуу Беларусь Республикасынын БШКнын төрагасы Игорь Карпенко “Бельта” маалымат агенттигине билдирген.
Маалыматка ылайык, Беларусь Республикасынын президенттигине талапкерлер үчүн төмөнкүдөй сандагы добуштар берилди:
-Гайдукевич Олег Сергеевич — 119 272 добуш, же 2,02%;
-Канопатская Анна Анатольевна — 109 760 добуш, же 1,86%;
-Лукашенко Александр Григорьевич — 5 136 293 добуш, же 86,82%;
-Сыранков Сергей Александрович — 189 740 добуш, же 3,21%;
-Хижняк Александр Николаевич — 102 789 добуш, же 1,74%;
-213 277 шайлоочу же 3,60% бардык талапкерлерге каршы добушун берди.
“Ошентип, эң көп добуш Александр Григорьевич Лукашенко үчүн берилди”, — деп белгилеген Игорь Карпенко.