Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
29024

Өлкөдө синтетикалык бангизат таратуу күч алууда. УКМК кандай иш алып барууда?

9 / 100

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдайт.

Азыркы учурда, комитет бүткүл өлкө боюнча баңги заттарды өндүрүүчүлөрдү/таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда.

☠️Заманбап синтетикалык дары — бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу «капкан». Өзгөчө, 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат.

👨‍👩‍👦 Андыктан, ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат.

Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз баңгичиликке байланыштуу жардамга муктаж болсо, анда төмөнкү анонимдүү ишеним телефонуна кайрылсаңыздар болот: 118.

🇰🇬 Кыргызстандыктар дени сак келечек үчүн!


Шилтеме:
Комитеттин жетекчилиги дагы бир жолу эскертет,химиялык баңгизаттарын кабыл алуу кайтарылгыс кесепеттерге алып келет жана аларды өндүрүү/тараттууга катыштыгы бар тараптар мыйзам тарабынан катуу жазаланат ! 👮🏻‍♂️🔍

8 Апрель 2024 жыл 9:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча