Кыргызстанда 25-июндан тарта бардык байланыш каражаттарын (смартфондор, планшеттер ж.б.) милдеттүү түрдө каттоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Маанилүү түшүндүрмө: жергиликтүү байланыш операторлорунун (Mega, Beeline, «О!») активдештирилген сим-карталары бар бардык телефондор Мамлекеттик идентификациялоо системасында автоматтык түрдө катталат. Жеке жана юридикалык жактар өлкөгө алынып келинген аппараттарды тез арада каттоодон өткөрүшү керек.
Каттоо бекер, смартфондордун IMEI коддорунун тизмеси importer@imei.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.