Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
1000248317

Өлкөдө «Мал уурулук — Веткөзөмөл» аталышындагы рейдттик иш-чарасы жүргүзүлүүдө

12 / 100

Кыргыз Республикасынын ИИМ жана Айыл-Чарба министрлиги: «Мал уурулук — Веткөзөмөл» аталышындагы рейдттик иш-чарасы жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Айыл-Чарба министрлиги тарабынан мал уурулук фактысынын өсүшүнө каршы алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана тамак аш коопсуздугун камсыздоо максатында «Мал уурулук — Веткөзөмөл» аталышындагы иш-чара өткөрүлүүдө.

Иш-чара 2024-жылдын 30-сентябрынан 20-октябрына чейин Ысык-Кол облусунун аймагында жүргүзүлөт.

Иш-чаралардын максаты:

— Мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топторду аныктоо;

— Урдалган мал жандыктарын жана эт азыктарын мыйзамсыз сатып алуу, сатуу жана малга мыйзамсыз маалымат кат (тактама) берүү менен алектенген мамлекеттик кызматкерлерди ашкерелөө;

— Каттоосу жок мал союу жайларын, колбаса цехтерин, эт азыктарын иштетүү жана сатуу жайларын мыйзамдаштырып эсепке алуу;

-Мал базарларды текшерүү жана кылмыштарды ачуу.

Иш-чаранын алкагында облустун ар бир районунда атайын постор уюштурулуп, мал базарга сатууга чыгарылган малдын тактама (справка) каттары текшерилүүдө. Шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана ветеринардык кызматкерлердин катышуусунда иш алып барылууда.

Мындан тышкары, мал сойуучу жана эт азыктарын сатуучу жайлар да текшерилүүдө.

Биздин максат – мал уурулукка каршы туруу, коомдогу коопсуздукту камсыздоо жана калктын тамак аш коопсуздугун сактоо.

14 Октябрь 2024 жыл 15:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча