Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Ленин райондук сотунун судьясы камакка алынды

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А. пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
«Ал ортомчу болгон М.С.А. аттуу адвокат аркылуу жарандык иш боюнча оң чечим кабыл алгандыгы үчүн 22 миң доллар акча алган.
Мындан улам Башкы прокуратура тарабынан А.М.А.га жана М.С.А.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 4-бөлүгү жана 342-берененин (Пара алуу) 3-бөлүгүнүн 1-2-пункттары боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган адамдар күнөөсүн мойнуна алышкан.
13-февралда Судьялар кеңеши, ошондой эле Биринчи май райондук сотунун чечимдери менен А.М.А. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Ошондой эле А.М.А.нын ушул сыяктуу кылмыштарын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары уланууда»,- деп айтылат расмий маалыматта.
13-февралда Судьялар кеңеши Авазов Мирзат Абдисатаровичти кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Ошондой эле президентке Авазовду кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизүү чечими кабыл алынган.

18 Февраль 2025 жыл 15:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча