Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кызды өлтүрүп,сөөгүн талаага таштап койгон жаран кармалды

Чүй облусунун кызматкерлери дайынсыз жоголгон кызды өлтүрүүгө шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын 19-февралында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1979-жылы туулган П.С. кайрылган. Ал 2003-жылы туулган кызы О.З. 18-февралга караган түнү Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылындагы Строитель көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун билдирген.

Бул факт Ысык-Ата РИИБи тарабынан КЖге катталып, иликтөө иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2025-жылдын 18-февралына караган түнү О.З. Гидростроитель айылында жайгашкан В.И. Ленин атындагы орто мектептин аймагында таанышы — 2004-жылы туулган А.Р. (эркек киши) менен жолугуп, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралган. А.Р. кыздын денесине залал келтирип, бут кийиминин боосу менен муунткан. Натыйжада О.З. ошол жерде каза тапкан.

Андан ары жасаган кылмышын жашыруу максатында А.Р. кыздын сөөгүн талаага алып барып, жерге көмүп, үстүнө дарактардын жалбырактарын жана бутактарын жаап, окуя болгон жерден качып кеткен.

А.Р.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран А.Р. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине (кармоонун негиздери) ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

26 Февраль 2025 жыл 12:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча