Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Кытайдын Харбин шаарындагы Азия оюндарында 7-орунду ээледи.

Кыргызстандыктар мелдештерди тайпалык этаптан баштап, 3 оюн өткөрүштү. Алгач Кыргызстандын курама командасы Кувейт (овертаймда 9:8), Бахрейн (29:0) жана Сингапурдун (11:2) курама командаларын жеңип, 1-орунду ээлеген.
Тандоо оюндарында кыргызстандыктар Гонконгдун спортчуларын овертаймда 6:5 эсебинде утуп, чейрек финалда Кореянын оюнчулары менен беттешти.
1/4 финалдык беттеште Кыргызстандын курама командасы 0:20 эсебинде утулуп, Азия оюндарындагы оюнун аяктап, 14 команданын арасында 7-орунду ээледи.
Команданын эң мыкты оюнчусу болуп Мамед Сейфулов табылды. Ал 22 упай топтогон.
Бахрейндин командасын 29:0 эсебинде утканы Кыргызстандын курама командасынын тарыхындагы эң чоң жеңиш болду. Ал эми Кореянын оюнчуларынан 0:20 эсебинде жеңилгени команданын тарыхындагы эң чоң жеңилүү болду.

13 Февраль 2025 жыл 14:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча