Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

“Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатат, бул президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өкмөттүн ишинин натыйжасы

“Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатат, бул президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өкмөттүн ишинин натыйжасы. 2024-жылдын 11 айында биз өнүгүү темпин сактап гана тим болбостон, аны тездетип, макроэкономикалык туруктуулукту чыңдап, келечектеги өсүш үчүн бекем пайдубал түздүк” – деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын январь-ноябрь айларындагы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарган президенттик администрациянын жыйынында.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча 2024-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 1 225 950,6 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 109%ды түздү (2023-жылдын январь-ноябрында – 104,4 %). “Кумтөр” кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 1 159 813,7 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 110,3%ды түздү.

Туруктуу өсүш баарынан мурда өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн бир кыйла көбөйтүү менен шартталган. Экспорттун жана инвестициянын өсүшү да процесске салым кошууда.

Экономиканын тармактары төмөндөгү көрсөткүчтөрдө:

  • Өнөр жай продукциясынын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жалпы көлөмү 513 346,9 млн сомду түзүп, өсүү темпи 104,8 %ды түздү (Кумтөрдү эсепке албаганда – 331 258,4, өсүү темпи 113,0);
  • Айыл, токой жана балык чарбасынын дүң продукциясы – 369 613,3 млн сом, өсүү темпи – 106,2%;
  • Курулуштагы дүң продукция – 219 020,3 млн сом, өсүү темпи – 132,6%;
  • Негизги капиталга инвестициялар (капиталдык салымдар) – 214 537,6 млн сом, өсүү темпи – 147,3%;
  • Дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы көлөмү – 1 422 399,5 млн сом, өсүү темпи – 118,5;
  • Кызматкерлердин орточо айлык акысы – 36 002 сом, өсүү темпи 112%;
  • Тышкы жана өз ара сооданын көлөмү – 13 443,4 млн АКШ долларды түзүп, өсүү темпи 106,4%ды түздү;
  • Импорт – 10 310 млн АКШ долларды, өсүү темпи – 101,8%;
  • Экспорт – 3 123,4 млн АКШ доллар, өсүү темпи – 125,2%.

“Бүгүнкү күндө биздин негизги милдетибиз – экономиканын реалдуу секторунун салымын күчөтүү, чет элдик инвестицияларды тартууну улантуу жана алардын стратегиялык маанилүү тармактарга ийгиликтүү интеграциясын камсыз кылуу. Биз 2025-жыл биздин амбициялуу максаттарыбызга жетүүдөгү дагы ийгиликтүү этап болоруна бекем ишенебиз. Кыргызстан алдыга жылып, кыйынчылыктарды ишенимдүү жеңип, туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүп жатат”, — деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

16 Декабрь 2024 жыл 14:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча