
Кыргызстанда үч миллиард долларга Макмал — Каракол темир жолун куруу пландалууда.
Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттиги, «Кыргыз темир жолу» ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциуму «Трансевразиялык маршрут» долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол койду.
Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов бул өлкөдөгү темир жол тармагындагы биринчи мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоор экенин белгиледи.
«Жалпы инвестициянын көлөмү 3 миллиард доллар. Долбоор өлкөдө жумуш орундарын түзүп, транспорттук тармакты жакшыртып, экономикалык пайда алып келет», — деди Иманов.
Мындан тышкары, анын коңшу өлкөлөр менен байланыштарды бекемдеп, экономиканын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары кошумчаланды.