Билим жана илим министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусунда 81 бала бакчада, Ош облусунда – 369, Ош шаарында – 51, Жалал-Абад облусунда – 230, Чүй облусунда – 79, Бишкек шаарында – 115, Ысык-Көл облусунда – 87, Нарын облусунда – 121, Талас облусунда – 53 бала бакчада видеокамералар коюлду.
Калган 685 бала бакчада да видеокамераларды тез арада орнотуу талап кылынууда.
Мындан улам Билим берүү жана илим министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрылып, бала бакчаларда коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында видеокамераларды орнотууну сунуштады