Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргызстандагы эки аэропорттун аймагы кеңейтилет

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Ош аэропортунун аймагын кеңейтүү үчүн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас айыл аймагынан 37,397 гектар жер трансформацияланды. Бул участоктор айыл чарба багытындагы жерден өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка максаттарга арналган жер категориясына өткөрүлдү.

Ошондой эле, башка бир токтом менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Алтын-Арашан айылында 38,3 гектар айыл чарба жери трансформацияланды. Бул жер тилкелери «Каракол» аэропортунун учуу-конуу тилкесин кеңейтүү максатында өнөр жай, транспорт, байланыш жана коргонуу багытындагы жер категориясына өткөрүлдү.

18 Февраль 2025 жыл 17:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча