Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания бардык тартылган финансылык ресурстарды турак жай куруу долбоорлорун ишке ашырууга жумшап жатат. Бул курулуш секторун өнүктүрүүгө жана калк үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
“Кабар” агенттиги бул ирет облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында салынып жаткан турак жайлар тууралуу жарандарды кызыктырган бир катар суроолорго Мамлекеттик ипотекалык компаниядан жоопторду топтоду.
Учурда өлкө аймагында 430 көп кабаттуу турак жай салынууда. Жалпы жонунан аларда 40 миң 205 батир бар. Муну облус жана шаарлар боюнча бөлүп карай турган болсок:
Бишкек шаарында — 17 425 батир;
Ош шаарында – 4 574 батир;
Ош облусунда – 1 100 батир;
Жалал-Абад облусу – 6 996 батир;
Ысык-Көл облусу – 5 115 батир;
Нарын облусу – 433 батир;
Талас облусунда – 290 батир;
Баткен облусунда – 4 272 батир.
2024-жылдын аягына чейин Бишкек шаарында 1 059 батирдин ачкычы тапшырылат. Кезекте турган жарандарга “Кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижара” механизми аркылуу 25 жылга, алгачкы төлөмсүз, жылдык 4% менен берилет. Ал эми үлүшчүлөр батирди турак жайдын наркынан 50%дан кем эмес төгүү шарттарында жылдык 8% менен 15 жылга алат.
Мамлекеттик ипотекалык компания бүгүнкү күндө “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамынын, президенттин жарлыгы менен бекитилген “Менин үйүм” турак жай программасынын алкагында турак жай курулушун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш жүргүзүүдө. Программада жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында батирлер үч багытта “Кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижара” механизми аркылуу 25 жылга, алгачкы төлөмсүз, жылдык 4-8 пайыздан берилет:
«Жеңилдетилген ипотека». Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана алардын ведомстволук ишканаларында, саламаттык сактоо, билим берүү, мамлекеттик телерадиоберүү ишканаларында жана мамлекеттик муниципалдык мекемелерде эмгектенген жарандар үчүн жылдык 4% менен 25 жылга чейин, баштапкы төлөмсүз берилет;
«Социалдык ипотека». Көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар жарандарга жана алардын камкорчуларына, айыл жеринде эмгектенген жаш адистерге, жалгыз бой энелерге жылдык 4% менен 25 жылга чейин, баштапкы төлөмсүз берилет;
«Арзан ипотека». Ишмердигинин чөйрөсүнө карабастан эмгектенген жарандар үчүн жылдык 8% менен 25 жылга чейин, баштапкы төлөмсүз берилет.
Учурда 41 007 адам турак жай алуу үчүн кезекте турат. Алардын ичинен социалдык ипотека боюнча 4 625 жаран, жеңилдетилген ипотека аркылуу 23 141 адам, арзан ипотека багыты менен 7 692 киши жана үлүштүк курулуш боюнча 5 549 жаран кезегин күтүүдө. Бул сандарды облус жана шаарларга бөлүштүрсөк:
Учурда Бишкек шаарында 150 көп кабаттан турган 17 425 батирлүү турак жай курулууда. Ал объекттер борбор калаанын төмөнкү даректеринде жайгашкан: