Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргыз жараны Крокустагы кол салууга «Красавчиктер, мындай кыймыл үчүн зор дух керек» деген билдирүүсү үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды.

Москвада кыргыз жараны «Крокус» тууралуу комментарийи үчүн үч жылга эркинен ажыратылганын Орусиялык ТАСС басылмасы жазды.
Москвадагы Батыш райондук 2-аскер соту кыргызстандык жаран Б.А.у.ну «Интернетте терроризмди актоо» иши боюнча үч жылга эркинен ажыратты.
Басылманын маалыматына ылайык, 2024-жылдын апрелинде «Крокус Ситидеги» концерт залындагы кол салуу боюнча А.у «Красавчиктер, мындай кыймыл үчүн зор дух керек» деген комментарийди «Мигрантты.ру» телеграм каналына жазган.
Мындан тышкары, сот эки жыл бою ага сайттарды башкарууга тыюу салды жана уюлдук телефонун камакка алды. Ошондой эле, сот анын сим-картасын компенсация катары алды.

20 Февраль 2025 жыл 15:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча