Кыргызстандык режиссер Дастан Жапар Рыскелдинин “Качкын” (“Чек арадагы келишим”) аталышындагы тасмасы Непалдын VIII эл аралык кинофестивалына (NIFF) катышат. Бул тууралуу “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын кабарлашты.
NIFF — жыл сайын өтө турган кинематографиялык жана маданий иш-чаралардын бири. Ал 2018-жылы Непал менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн ортосунда кино жана маданият тармагында тажрыйба алмашуу, кино маданиятын баалоо максатында түзүлгөн.
Бүгүнкү күндөгү эн көйгөйлүү маселе болуп жаткан,миграция темасына көңүл бурулуп, Борбор Азиянын тоолорунда жашыруун баңги ташыла турган каттамдарды курган эки жаран жөнүндө баяндалат. Алар кулчулуктан качкан жаш кызга жолугуп, жашоосу өзгөрөт.