Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду

Мыйзам 2024-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын оптималдаштыруу, өркүндөтүү жана медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн көрсөтүүдө колдонуудагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жаңы, күчөтүлгөн жоопкерчиликти киргизүү максатында иштелип чыгып, кабыл алынган.

Тактап айтканда, Мыйзамда төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

  • Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде мыйзамсыз иш-аракеттерде жана/же саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптары бузулганда, анын ичинде салттуу (элдик) медицина менен мыйзамсыз алектенгендиги жана дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды, тамак-аш кошулмаларын мыйзамсыз өндүргөндүгү, даярдагандыгы жана/же саткандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү жана жогорулатылган санкцияларды кароочу ченемдер менен толуктоо;
  • “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү беренелеринде, анын ичинде лицензиаттын дарегин жана лицензияга медициналык иштин алкагында уруксат берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн, жол-жоболордун жана манипуляциялардын тизмесин лицензияга кошуу аркылуу лицензиялык ишти талаптагыдай контролдоону камсыз кылууга багытталган ченемдерди жана жоболорду киргизип, бекитүү.

Мындан тышкары, медициналык манипуляциялар, анын ичинде адамдын организмине таасир тийгизген жана дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз клиникалык изилдөөлөр (сыноолор) үчүн айып пулдун суммасын 500 миң сомдон 1 млн.сомго чейин жогорулатуу каралган.

16 Декабрь 2024 жыл 13:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча