Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн “Даңк” медалы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Абдурахимов Равшан Хамрабаевич — “Салих ЛТД” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, уюштуруучусу, Аламүдүн району, Чүй облусу;

Майлиева Шайлоогул Дуйшоновна — “Прод Импекс” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Бишкек шаары;

Малабаева Нургуль Маликовна — “Ак-Куу” ачык акционердик коомунун башкы директору, Сокулук району, Чүй облусу;

Маматов Акылбек Абдимуктарович — “Альфа Ойл” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;

Маметжанов Аскарбек Маметтурдуевич — “АЛАЙКУ Органикс” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкармасынын төрагасы, уюштуруучусу, Кара-Суу району, Ош облусу;

Кадыров Суюндук Кадырович — “Кант-Сүт” жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу, Ысык-Ата району, Чүй облусу;

Осмонбаев Азамат Рахимжанович — “Альфа” майэкстракция заводу” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери” деген ардак наам төмөнкүлөргө ыйгарылды:

Абдрахманов Нурбек Омурбековичке — “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы, Панфилов району, Чүй облусу;

Акимжанова Рысгүл Абдыманаповнага — “Бай Элим Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;

Акунбеков Эрлист Абакировичке — “Бай Дыйкан” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;

Гайворонский Денис Васильевичке — “Куликовский” кондитердик үйү” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;

Орумбаев Мырзабек Турганбаевичке — “Адал Азык” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу;

Укубаев Туратбек Галияровичке — “Аталык Групп” жабык акционердик коомунун уюштуруучусу, Ысык-Ата району, Чүй облусу.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Дехтярев Павел Викторович — “Кант цемент заводу” ачык акционердик коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу;

Кочергин Павел Геннадьевич — “Умай Групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору, Бишкек шаары;

Маматов Кудретилла Абдилазизович — “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык коммерциялык кооперативинин башкы директору, Бишкек шаары;

31 Январь 2025 жыл 16:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча