27-июль күнү Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы пансионаттардын биринде 5 адам кайык (байдарка) менен жүрүп, шамалдан улам жээктен алыстап, артка келе алышпай калышкан.

Жалпы 5 адамдын бири эркек, 1 аял киши, 2 кыз жана наристе болгон.

Бул тууралуу маалымат ӨКМге кечки саат 8:30да түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө 2 куткаруучу кайык менен жана ӨКМдин Суучулдар кызматынын 3 кызматкери тартылып, караңгыда көлдө калган жарандарды куткарып, моторлуу кеме менен жээке алып келишкен.

Андан соң куткаруучулар жарандарды унаа менен Чолпон-Ата шаардык бейтапканага жеткирип, дарыгердин амбулатордук кароосунан өткөндөн кийин эс алуу үйүнө жеткиришкен. Жарандардын абалдары туруктуу.

От admin