Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Өкмөт башчы ооруканалардагы өрт коопсуздугун текшерүү тапшырмасын берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) медициналык мекемелерде өрт коопсуздугунун сакталышына көзөмөлдү күчөтүү жана пландан тышкары текшерүү жүргүзүү тапшырмасын берди.

Бул тууралуу ал 13-февралда Бишкектеги өрт чалган Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтуна барганда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары ведомстволор аралык комиссияга бир жуманын ичинде өрттүн себептери боюнча корутунду берип, келтирилген зыянды эсептеп, институтту калыбына келтирүү планын иштеп чыгуу тапшырылды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.

14 Февраль 2025 жыл 13:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча