Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

“Каракол” эл аралык аэропортунун ачылыш аземи эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Кабар” агенттигине билдирди

Ал иш-чара аба ырайына байланыштуу жылдырылганын айтты.
Буга чейин “Каракол” эл аралык аэропортунун расмий ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөөрү маалымдалган.
Эске салсак, 8-декабрда “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын техникалык учуусу Бишкек-Каракол каттамы боюнча аткарылган. Жакында эле Каракол шаарындагы аэропортто реконструкциялоо иштери аяктаган.

16 Декабрь 2024 жыл 14:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча