Москвада 23 жаштагы кыргызстандык жигит алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Mash Telegram каналы билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, ал жердеш кыздарын үйлөнөм деп алдап, кыздыгынан ажыратып, карызга акча алып жүргөн.
Мындан бир күн мурун 22 жаштагы Эльвира аттуу кыргыз жараны Нурислам деген жаранга каршы милицияга арыз менен кайрылган (ал өзүн ошентип тааныштырган). Анын айтымында, ал экөө эки ай мурун таанышып мейманканада чогуу түнүшкөн. Жигит алдап кыздыгын алып ошол эле учурда банк картасын унутуп калганын айтып кыз баарын өзү төлөгөнгө муктаж болгон.
Жигит жердешинин артынан ээрчип үйүнүн айланасынан кетпей тез-тез карызга акча алчу. Ушундай жолугушуулардын биринде Нурислам кыздын кире беришинде уктап калган. Ал уктап жатканда телефонун алып өзүн башка ысымдар менен тааныштырган ар кандай кыздар менен ондогон кат алышууларын таап алган. Ошондон улам Эльвира аны менен уруша кетип, андан кийин 20 уктатуучу дары ичкен. Бирок кийинчерээк ал өз жанын кыюу жөнүндөгү оюн өзгөртүп ичкен дарыларын кусуп салган. Бул боюнча жолдору экиге бөлүнгөн.
Бирок бир канча убакыттан кийин жаштар кайра жолугуп, чогуу жатып анан кыз жигитке арыз жазган.
Натыйжада Нурислам аттуу кыргыз жараны кармалган.