
Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кытайдын Шинжаң аймагында уйгур, казак жана башка мусулмандардын укуктарын басмырлоо уланып жатканын билдирди.
Уюм расмий Бээжиндин Шинжаңдагы аракеттерин адамзатка каршы кылмышка салыштырды.
«Былтыр жыл бою кытай аткаминерлери уйгурларга жана башка түрк тилдүү мусулмандарга каршы катаал саясатын улантты. Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө мамлекеттер адамзатка каршы кылмыш болуп жатканда үн катпай турбашы керек», — деген HRW уюмунун Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Майя Ванг.
HRW белгилегендей, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 27-августта Шинжаңга күтүүсүз сапар менен барганда терроризм менен сепаратизмге каршы күрөштү улануу керектигин айткан.
Укук коргоочулардын пикиринде, бул билдирүү ал жакта адамзатка каршы кылмыштар уланып жатканын далилдейт.
Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү «саясий тарбия берүүчү лагерлер» деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет.
АКШнын Мамлекеттик департаменти «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» эки миллиондой мусулман кармалып келерин билдирген.
Кытай Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.