3 жашар кызды токмоктоого шектүү өгөй атага карата ачылган иш 6-августта Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.
Учурда 1996-жылы туулган М.Р. аттуу Буденовка айылынын тургун №1 убактылуу кармоочу жайда.
29-апрель күнү 2021-жылы туулган Р.Н. токмок жеп Кант шаарынын ооруканасына түшкөн. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Уруп-сабап кыйноо») менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кызды өгөй атасы системалуу түрдө сабап келген.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаевдин айтымында, бир нече ай мурда да аталган кыз буту сынган абалда ооруканага түшкөн. Анда кыздын ата-энеси аны кулап кетти деп айткан.
«Turmush» редакциясы кыздын ата-энеси 2022-жылы ашырашканы, алардын 2 кызы болгону жана улуусу атасы менен калганы тууралуу жазган. Ал эми 3 жашар кыздын 21 жаштагы энеси 2022-жылы жаңы турмуш курган. Алардын ортосунда расмий нике жок.
Кийин кыздын биологиялык атасы мурунку жубайын ата-энелик укуктан ажыратууну талап кылып, сотко кайрылганы маалым болгон.