Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Эми кыймылсыз мүлктү сатууда салык карызы тууралуу маалым кат алуунун кажети жок

Мамлекеттик салык кызматы кыймылсыз мүлк боюнча келишим түзүүдө салык карызынын жоктугу тууралуу милдеттүү маалым катты жокко чыгарды. Мындай чечимди Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кабыл алды.

Салык кызматы билдиргендей, бул чечим бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

«Салык кызматы менен кыймылсыз мүлктү каттоо органынын («Кадастр») маалымат тутумдарын интеграциялоонун натыйжасында 2025-жылдын 24-февралынан тартып жарандар үчүн мүлк салыгы боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым кат алуу зарылдыгы жокко чыгат.

Мындан ары салык боюнча карыз тууралуу маалымат автоматтык түрдө «Кадастрда» жеткиликтүү болот. Карыз болгон учурда кыймылсыз мүлктү сатууга уруксат алуу үчүн суммасы жана төлөө мөөнөтү тууралуу дароо маалымат алышат. Карызды төлөгөндөн кийин келишимди тариздөөгө болот.

Кыймылсыз мүлк боюнча келишимди каттоонун жаңы алгоритми процессти тездетүүгө жана аны ачык-айкын кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары салык органдарынан маалым кат алууну жокко чыгаруу коррупциялык тобокелдиктерди азайтат,анткени мурда жарандар документти тез тариздөө үчүн кошумча сумма төлөгөн учурлар жөнүндө маалыматтар келип түшкөн»,-деп айтылат расмий маалыматта.

17 Февраль 2025 жыл 11:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча