Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Эльвира Сурабалдиева:»Мамлекет жабырлануучуларга караганда кылмышкерлерге боор тартып жаткандай туюлат.»


Депутат Эльвира Сурабалдиева кылмышкерлерге акысыз жактоочу берүүгө мамлекет милдеттүү экенин, ал эми жабырлануучуларга коюлган талаптарга туура келсе гана берилерин эске салды. Буга башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева жооп берди.
«Кылмышкер суранса мамлекет тарабынан акысыз жактоочу беребиз, анткени алардын укугу убактылуу чектелет. Жабырлануучулар дагы өзүнүн жагдайын түшүндүрсө, жумушу жок, майып же пенсионер болсо мамлекет тарабынан акысыз адвокат берүүгө даярбыз», — деди ал.
Депутат бул маселени системалуу түрдө чечүү зарылдыгын белгиледи.
«Бюджеттен каражат бөлүү маселесин караш керек. Болбосо мамлекет жабырлануучуларга караганда кылмышкерлерге боор тартып жаткандай туюлууда», — деди эл өкүлү.

Теги:
26 Февраль 2025 жыл 16:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча