Бүгүн, 2025-жылдын 17-апрелинде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын жыйынында Евразия экономикалык союзуна (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандарынын Россия Федерациясындагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) системасына жеткиликтүүлүгү боюнча актуалдуу маселе каралды.

Жыйындын жүрүшүндө ЕЭКтин министри Арзыбек Кожошев кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарынын бузулуу учурларынын көбөйүп жаткандыгына өзгөчө көңүл бурду. Министр белгилегендей, акыркы мезгилде социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандын жарандарына документ текшерүү учурунда укук коргоо органдары тарабынан орой мамиле жасалгандыгы тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланууда. Айрыкча, Москва шаарындагы «Бодрость» мончо комплексине байланышкан жакынкы окуя коомчулукта чоң нааразычылыкты жаратты.

Арзыбек Кожошев бул окуя жана текшерүүлөрдүн видеолорунун таралышы Комиссиянын мүчө мамлекеттер менен биргеликте евразиялык интеграцияны чыңдоо боюнча жүргүзүп жаткан түшүндүрүү иштерине терс таасирин тийгизип жаткандыгын баса белгиледи.

Министрдин айтымында, мындай мыйзамсыз мамилелер, өзгөчө тынч эмгектенип жаткан жарандардын ар-намысына шек келтирген орой аракеттер тиешелүү органдардын тез арада көңүл буруусун жана адекваттуу реакциясын талап кылат.

Жыйындын катышуучулары миграция, эмгек укуктары жана ЕАЭБ жарандарын коргоо маселелери укуктук талаада, басмырлоосуз жана ашыкча күч колдонбостон чечилиши керектигин бир добуштан белгилешти. Тараптар бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары дагы чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

От admin