
Президент Садыр Жапаров дин жаатындагы мыйзамга кол коюп, кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Эксперттердин баамында, мамлекет башчысы буга чейин эч ким батына албаган өтө маанилүү кадамды жасоону чечти. Ошол эле учурда Садыр Жапаров жарандардын сезимине чоң жоопкерчилик жана урмат сый менен мамиле кылган. Мындай чечим аалымдар кеңеши, муфтияттын өкүлдөрүнүн ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен кабыл алынганы белгилүү болду.
“Бул мыйзамды каршы пикир менен кайтаруумду суранган, динди катуу карманган жарандарыбыз болду. Ошол эле мезгилде кол коюп күчүнө киргизишимди суранган, светтик көз караштагы жарандарыбыз да бар”, — деди президент кайрылуусунда.
Буга чейин мамлекет башчы “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштелип жаткан мыйзам долбоорун диний өкүлдөр менен биргеликте көп ирет талкуулаган. “Дин жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр салттуу исламды коргоо жана коомдун коопсуздугун камсыздоо болуп саналат. Долбоор төрт ай мурун коомдук талкууга чыккан. Андан кийин деле президент дин аалымдары менен көп эле жолугушуларды өткөргөн. Мамлекет башчы дин маселесине өзгөчө көңүл бургананын себебин да белгилеген.
“Мен, мисалы, эч качан динге каршы чыкпайм. Себеби өмүр бою динди катуу карманган молдонун, ажынын баласымын. Дин эмне экенин жакшы түшүнөм. Эгер мен азыр “Динди катуу кармангандардын назарынан калбайын, келечек эмне болсо ошол болсун” десем, каршы пикир менен бул мыйзамды кайтарып коёт элем. Бирок, мен бул маселеге жөнөкөй жаран катары эмес, өлкөнүн президенти катары карап жатам. Бир күн менен же жеке кызыкчылык үчүн жашабайлы”,- деген президент кайрылуусунда.