
Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев Министрлер кабинетин жана Ички иштер министрлигин (ИИМ) орто мектептердеги чоңсунууга, рэкетчиликке каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал парламенттин 13-февралдагы жыйынында маселе көтөрүп, акыркы убакта эле ур-токмоктон эки окуучу каза болгонун айтты.
“Директорлор иштей албаса алмаштырыш керек. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мектептерде балдар менен сүйлөшүп, тарбиялык сааттарды өтсүн. Келечек муунду азыр карабасак кийин кеч болуп калат”, – деди ал
Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн соң суицидге барган балдардын жакындары өспүрүмдөр мектептеги чоңсунуунун, рэкетчиликтин айынан өзүнө кол салышканын билдиришкен. ИИМ балдардын ата-энелери миграцияда болгонун негизги себеп катары көрсөткөн.