Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Deo Матиз» үлгүсүндөгү унаасын сел агызып кеткен. Төртүнчү жарандын сөөгү табылды

Кечээ, 30-июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районуда саат 22:15 чамасында Кара-Гуз айыл аймагында каттуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүрүп «Deo Матиз» үлгүсүндөгү унаасын сел агызып кеткен. Ичинде 5 жаран болгон, 1 жаран жергиликтүү жарандар тарабынан куткарылып, калгандарын сел алып кеткен. КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРу билдиргендей, куткаруучулар 3 жарандын жансыз денесин буга чейин издеп тапкан болсо, азыркы саатка төртүнчүсүн табышканын билдиришти.
Жеринде ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам кечээтен бери издөө иштерин жүргүзүп келген.

1 Июль 2024 жыл 13:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча