
Социалдык тармактарда көк бөрү оюнунда тартылган видео тарады. Анда көк-бөрү оюнунан кийин атчан киши акча ыргыткан учурда адамдардын арасында тыгын жаралганы көрүнөт.
“Менден жана үй-бүлөмдүн атынан бардык көрүүчүлөргө 50 миң сом сыйлык”, — деп айткан акча ыргыткан киши.
Ошол эле учурда кээ бир адамдар анын колунан акчаны жулуп ала башташканда, ал купюраларды ыргытып жиберген.
Видеодо адамдар акчаны чогултууга умтулуп жатканын көрүүгө болот. Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуядан эч ким жабыркаган эмес.