Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Үчүнчү кол кимдики»? Сөзү бүтүп, сүрөтү туура эмес чыккан китеп

Социалдык тармактарда сүрөтү туура эмес басылып чыккан китеп талкуу жаратууда. Кеп 3-класстын окуучулары үчүн даярдалган «Дил азык» китеби тууралуу болуп жатат.

Анда бала менен чоң атанын сүрөтүндө үчүнчү кол ашыкча тартылып калган. Аталган китеп «Илим пресс» басмаканасында басылып, түзүүчүлөрү Батма Абдухаимова, Сулайман Рысбаев, Кенжеке Ибраимова.

Видеонун автору китеп басылаарда бир карап, текшерип койсо болот беле деген.

15 Сентябрь 2023 жыл 6:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча