Бишкекте турак жайга болгон баа күндөн-күнгө кымбаттап жатат. Мунун себептери жана алдынкы айларга божомолдор Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кыймылсыз мүлк базарын талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айдар Сукенбаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Былтыр 2023-жылга салыштырмалуу батилердин чарчы метринин орточо баасы 14-25 пайызга кымбаттады. Сатып-алуу-сатуу бүтүмдөрү 13,31 пайызга төмөндөдү. Сатып-алуу-сатуу бүтүмдөрү коридордук жана барак тибиндеги батирлерди кошпогондо 2023-жылы 14057, ал эми 2024-жылы 12186 батирди түзгөн.

2024-жылдын талдоо жүргүзүлгөн мөөнөт ичинде Бишкек шаарында 104-сериядагы батирдин доллардык баасы бир бөлмөлүүлөр 21,4 %га, эки бөлмөлүүлөр 24%га, үч бөлмөлүүлөр 26,4%га кымбаттады.

105-сериядагы бир бөлмөлүүлөр 21%га, эки бөлмөлүүлөр 21%га, үч бөлмөлүүлөр 14%га кымбаттаган. Булар стандарттык типтеги батирлер болуп эсептелет.

Ошондой эле бизде борбордо 308-сериядагы батирлер бар. Аларды илгерки “хрущевка” батирлери деп коет. 308-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин баасы 17%га, эки бөлмөлүү батирдин баасы 19%га, үч бөлмөлүү батирдин баасы 19,2 %га өстү.

Ал эми жаңы салынып жаткан жеке типтеги батирлерди ала турган болсок 1-2-3-4 бөлмөлүүлөр, алардын наркы 15-25%га чейин жогорулады. Мисалы, бир бөлмөлүү батир 23,6%га, эки бөлмөлүү батирлер 14,7%га, үч бөлмөлүү батирлер 25,4%га кымбаттаса, ал эми төрт бөлмөлүү батирлер 13,6%га кымбаттады

Кымбаттоого себеп болгон факторлордун башында инфляция турат. 2024-жылдын январь-декабрь айындагы инфляциянын деңгээлин карасак, ал 6,3%ды түзүп жатат. Ал эми кыймылсыз мүлктүн баасынын өсүшү ал деңгээлден жогору. Демек турак жайлардын кымбаттоосуна башка да факторлор таасир этти деп эсептейбиз. Алардын ичинде биздин улуттук валюта – сомдун долларга болгон курсунун өзгөрүшү жана саясий-экономикалык факторлор да бар. Ошондой эле батирлердин жана жеке менчик үйлөрдүн кымбаттоосу республикадагы курулуштун көлөмүнүн жогорулашынан да болууда. Экперттердин маалыматы боюнча, республикада курулуштун көлөмү 45,5%га жогорулаган. 

Негизинен 2010-2015-жылга чейин стандарттык типтеги батирлерге суроо-талап жогору болчу. Тактап айтканда, алар 104-105-308-сериядагы батирлер. Ал эми 2015 жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин жеке типтеги батирлердин санына суроо-талап жогору болууда. Учурда жеке типтеги батирлердин саны сатып-алуу-сатуу бөлүмдөрүнүн 60%дан жогору бөлүгүн түзүүдө. Ал эми сатып-алуу-сатуу бөлүмдөрүнүн калган 30-40%зы бул стандарттык типтеги батирлер. Тактап айта кетүүчү нерсе, бул батирлерге коридордук жана барак тибиндеги батирлер кошулбайт.

— Биздин бир жылга болгон талдоо боюнча кыймылсыз мүлккө болгон баалар төмөндөбөйт. Бирок, албетте бул өтө так эмес маалымат. Кыймылсыз мүлктүн баалары ар түрдүү шарттардын негизинде өзгөрүп кетүүсү мүмкүн. Саясат, экономикалык факторлор ага таасир бериши мүмкүн. Кыймылсыз мүлк рыногу өткөн жылы кандай болсо, быйыл дагы ошондой эле сакталат деген ойдомун.

От admin