
Бүгүн 22-январь Жогорку кеңештин кезектеги жыйынында, Бишкек шаарындагы абанын булганышы, ыш жана жол-транспорттук тыгындар боюнча баяндама окулуп, соңунда жогорудагы көйгөйлөр боюнча эл өкүлдөрү тарабынан ар кандай сын-пикирлер менен сунуштар айтылды.
Жыйында сөз алган эл өкүлү Бакытбек Марипов борбор калаадагы тыгынды жоюу үчүн борбор калаа менен биргеликте өкмөттүн курамын башка жака көчүрүү керек экендигин, муну менен кошо жаңы шаар куруудагы каражат маселесинде жеңилдиктер жаралып, экономикалык жактан үнөмдүү келээрин билдирген.
Ошону менен катар эл өкүлү Асман шаарын курууга 10 миллиард доллар каражаты коротулса, Бишкек шаарындагы темир жолду сыртка чыгаруунун өзү 1 миллиард долларга чамалаарын жүйөө келтирген.