Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Борбордогу «Айкөл Манас» эстелигинин постаменти реконструкцияланат

Борбор калаанын «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан «Айкөл Манас» монументин реконструкциялоо иштери башталды.

Эскерте кетсек, Ала-Тоо аянтында орнотулган «Айкөл Манас» скульптуралык эстелиги. Кыргыз руханий маданиятынын туусу болгон бул эстелик 2011-жылы 31-августа тургузулган. Эстеликтин өзүнүн бийиктиги 9 метр, жалпы бийиктиги 21 метр, салмагы 12 тонна, материалы металлдан – коло. Бул эстеликтин, албетте, руханий, тарыхый, символикалык канчалык мааниси бар экендигин ар бир жаран билет.

Долбоордун негизги максаты – статуяны жаңыртуу жана модернизациялоо, ошондой эле анын конструкциясын бекемдөө жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу.

Реконструкциянын негизги этаптары төмөнкүлөрдү камтыйт:
— Монументтин постаментинин толугу менен жаңыланат;
— Жер төлөө бөлүгүнүн конструкциялары бекемделет;

Реконструкция иштери бекитилген долбоорго жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бардык этаптар архитектуралык нормалардын негизинде ишке ашып, «Айкөл Манас» монументин улуттук мурас катары маданий маанисин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.

Белгилей кетсек, Манастын эстелиги рекострукциялоо учурунда сактоого өткөрүлүп берилет.

16 Январь 2025 жыл 14:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча