«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, бүгүн «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы толук кандуу курулуп, реконструкцияланган «Каракол» эл аралык аэропортуна конду.
«Каракол» эл аралык аэропортунун салтанаттуу ачылышы 10-декабрда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөт.
Жаңы аэропорт аймактагы туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы.