
Шаардык милиция кылмышка шектелип 30га чыга элек үч киши кармалганын кабарлаган. Алдын ала маалыматка караганда, шектүүлөр алгач кызды зордуктап, андан соң бычак менен жүрөк тушуна сайышкан.
Маалым болгондой кыздын жансыз денеси борбор калаадагы конуштардын биринен табылган.
«Окуя 21-феврал күнү болгон. Кыз жана бир нече жигит спирт ичимдигин ичишкен. Андан соң жигиттердин бири кызды зордуктаган. Кыз кыйкырып, жанжал чыгарганда өлтүрүп салган. Балдардын бири аны өлтүргөндөн кийин да зордуктаган», – деп айтылат маалыматта.
Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, 21-февралда милицияга «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат келип түшкөнүн, кылмышка шектүү катары 3 адам: 29 жаштагы К.Б., 23 жаштагы П.Б. жана 23 жаштагы К.А кармалганын билдирди. Учурда тергөө иштери уланууда.