Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Бишкекте кыз зордуктоого шектелип таксист кармалды

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) маалыматына караганда, 21-февралда саат 22:36 чамасында милициянын «102» кызматына Орок айылында 26 жаштагы сиңдиси зордукталганын айткан жаран кайрылган. Арыз ээси сиңдисин жеткирип келе жаткан таксист зордуктаганын билдирген.

Райондук милициянын ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 23 жаштагы жаран кармалып, камакка алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө ал кардар катары жеткирип бараткан кызды зордуктаганы аныкталган. Учурда тергөө уланууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 2024-жылы “Зордуктоо” беренеси менен 14, “16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” беренеси менен 7 жана “Ыплас аракеттер” беренеси менен 9 иш козголгон.

26 Февраль 2025 жыл 12:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча