Өрт саат 10:06да толук өчүрүлгөн.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 300ч.м. түзгөн. Өрттүн кесепетинен 4 адам (аты-жөндөрү такталууда) түтүнгө ууланып тез жардам кызматы тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн. Абалдары туруктуу.

Бүгүн эртен менен Бишкек шаарынынОктябрь районунда алдын ала маалымат боюнча И.Ахунбаев көчөсүндөгү 2 кабаттуу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 07:54тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, кошумча саат 08:03тө 1, саат 08:03тө Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, 1-Май райондук №8 АӨКБдан 1, жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Кошумча маалымат берилет.

От admin