
Бишкекке былтыр жаңы техникаларды сатып алууга 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, планга ылайык, бул каражатка 170 даана техника алынмак. Заводдор менен түздөн-түз келишим түзүлгөндөн улам коммуналдык чарба кызматтарына баш-аягы 217 жаңы техника сатып алууга жетишилди.
«1 млрд сомго биз пландагандай 170 даана техника сатып алмакпыз. Заводдор менен биз жеринде түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин 170 техниканы алып, 450 млн сом үнөмдөгөнгө мүмкүнчүлүк жаралды. Үнөмдөлгөн бул каражатты кошкондо баш-аягы 217 даана техника алууга жетиштик», — деди ал.