
“Бишкек парк” соода борборунда 13-февралдын таңында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, соода борборунун электр зымдарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, аны өчүрүүгө эки күжүрмөн эсеп тартылган. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.