Бишкек–Ош унаа жолунун Ноокен районунда оор жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Mercedes-Benz жана Mazda Demio үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Тиешелүү органдардын маалыматына ылайык, унаалардын бирөө каршы тилкеге чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен Mazda Demio унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болушкан. Мындан сырткары дагы жабыркагандар бар экени айтылууда.

Учурда окуянын себептери жана кырсыкка алып келген жагдайлар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кырсык болгон жерде тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

ЖКККББ жарандарды жол эрежелерин так сактоого жана айдоодо этият болууга чакырат.

От admin