
Бүгүн, 24-февралга караган сутканын ичинде өлкөнүн аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Жалал-Абад облусунда 5, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 2, Ысык-Көл, Талас жана Баткен облустарында бирден өрт кырсыгы катталды. Акыркы суткада куткаруучуларга кайрылгандар болгон эмес.
ИИМ Бишкек менен Чүйдө тинтүү жүргүзүп жатат