Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Баткенде документтери жок ташылып келе жаткан тонналаган жүзүм жана лимондор өрттөлдү

Баткенде Евразиялык Бажы Биримдигинин аймагына бажы эрежелерин бузуу менен коштоочу документтери жок мыйзамсыз ташылып келген айыл чарба продукциялары жок кылынды.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, анда 2018,85 килограмм жүзүм, 1494,51 килограмм лимон өрттөлгөн.

Өлкөнүн «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» мыйзамы жана Бажы биримдигинин комиссиясынын чечими менен бекитилген Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, фитосанитардык сертификаты жок карантиндик жүктү өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салынат.

Мыйзамга ылайык, жүк ээси жүктү кайра артка кайтаруу же жүктү жок кылуу вариантын тандай алат.

13 Февраль 2025 жыл 17:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча