Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Бакыт Төрөбаев жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруу иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди 

Жайыттарды жакшыртуу,  кайрак жерлерге сууну жеткирүү максатында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жергиликтүү бийлик органдарына, акимдерге, айыл өкмөттөргө жана жайыт муниципалдык ишканаларына жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруу иштерин алып баруу боюнча тапшырмаларды берди.

Буга чейин Баткен облусуна үч жасалма мөңгү тоңдурулган.

Мөңгүлөр Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында жайгашкан. 

17 Январь 2025 жыл 15:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча