Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
df8ce7f4 7363 4527 93dd 9f6a894ee022

BakAi’дагы «Мой Дом» сервиси аркылуу бардык коммуналдык кызмат акыларын чогуу төлөңүз

8 / 100

Коммуналдык кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүдөгү түйшүктөрдөн арылыңыз. Анткени BakAi тиркемесиндеги «Мой Дом» сервиси менен төлөм жүргүзүү ыңгайлуу жана тез болуп калды.
BakAi тиркемесиндеги «Мой Дом» сервиси электр энергиясы, суу, домофон жана башка бардык коммуналдык кызматтардын төлөмдөрүнүн баарын бир ыңгайлуу интерфейске жайгаштырат. Ага маалыматтарды бир эле жолу жазасыз, андан ары ай сайын сизге эскертүү-билдирүүлөр келип турат.

Артыкчылыктар:
🔹Коммуналдык кызматтар үчүн каражатты бирдиктүү дүмүрчөк менен төлөө сервиси;
🔹 Бир нече даректерди кошуу мүмкүнчүлүгү;
🔹 Төлөм жүргүзүлгөн кызматтардын дүмүрчөктөрү дайыма колдо болот.

«Мой Дом» сервисин кантип колдонот?

  1. BakAi тиркемесиндеги “Сервистер” баракчасына өтүп андан «Мой дом» сервисин тандаңыз;
  2. Дүмүрчөктөгү QR-кодду сканерлеңиз;
  3. Даяр! Эми сиздин бардык эсептериңиз бир жерде!

Төлөмдү кантип ишке ашырса болот?

  1. Керектүү айды “төлөнгөн эмес” деген белгиси менен басыңыз.
  2. Төлөм үчүн коммуналдык эсептерди тандаңыз (дароо баарын же өз-өзүнчө төлөсөңүз болот).
  3. Төлөмдү тастыктаңыз.
  4. Даяр!

Эми кайсы бир коммуналдык кызмат үчүн төлөбөй калдым окшойт деп тынчтанбайсыз!

Төлөмдү жүргүзгөн соң ар бир кызмат үчүн же бардыгы үчүн жазылган дүмүрчөктү жүктөп алсаңыз болот.

Жөнөкөй, тез жана ыңгайлуу – коммуналдык кызматтар үчүн чыгымдарды оңой башкаруу үчүн бардык зарыл шарттар.

Бакай Банк.
Сиздин ыңгайлуу банкыңыз.

23 Октябрь 2024 жыл 14:19
Көрүүлөрдүн саны:
Бейшемби
5 Бештин айы 2024

Тема боюнча