Бишкекте үч жигит эркек кишини катуу сабашкан. Болжолдуу маалыматтарга караганда, алар аны баңгизат уурдагандыгы үчүн жазалашкан. Окуя тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.
Милициянын маалыматына ылайык, окуя 14-январда “Тунгуч” кичи районунда болгон. Жабырлануучу 28 жашта экени аныкталды.
Бул факты боюнча “Уюшкан топ түзүү жана ага катышуу”, “Тоноо” жана “Бейбаштык” беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары үч адам кармалган. Экөөнүн жашы 20да, бирөө 21 жашта экени аныкталды.
